Орусиянын элчилигинин алдында кайрадан митинг өтүп жатат

Бишкекте Орусиянын элчилигинин жанында кезектеги митинг өтүүдө. Бул жолу Москванын аракетин колдоо үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратына он чакты адам чыкты.

«Сегиз жылдан бери Донбасстын тургундары украин бийлигинин улутчул аракеттеринин аякташын күтүп келишкен, ушунча убакыт бою чыдашты, бирок унчукпай коюунун кереги жок. Биз көтөрүлүп, улутчулдукка каршы чыгышыбыз керек. Биздин чоң аталарыбыз муну башынан өткөрүшкөн. Бүгүн биз бүткүл планетада тынчтыкты коргоп жаткандарга ыраазычылыгыбызды билдирүү үчүн чыктык, Кыргызстан сиздер менен», — дешет акциянын катышуучулары.