Орусиянын жарандыгын алганына 10 жыл боло электер аскердик кызмат өтөөгө чакырылат, болбосо үй-бүлөсү жарандыктан ажыратылат

Орусиянын президентинин алдындагы адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Орусиянын жарандыгын алганына 10 жылга жетпеген жаңы жарандар үчүн сунуш даярдап жатканын билдирди.

Президент Владимир Путин жарыялаган жарым-жартылай мобилизациянын алкагында Борбор Азиядан келген иммигранттар бир жыл бою милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөөгө чакырылды. Өзгөртүүлөр Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мурдагы жарандарына тиешелүү болушу мүмкүн. Эгерде алар баш тартышса, алар жана алардын үй-бүлөлөрү Орусиянын паспортторунан ажыратылышы мүмкүн.