Орусиянын жараны Кыргызстандан дээрлик 70 миң доллар алып чыгууга аракет кылган

“Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары чек арадан мыйзамсыз акча алып өтүү аракетин алдын алышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, эртең менен өткөрүү пунктуна Орусиянын 1982-жылы туулган жаранында 69 миң 800 доллары бар экени аныкталган.

«Жаран республиканын бажы мыйзамдарын бузуп, декларациясыз валютаны алып өтүүгө аракет кылган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин чет элдик жаран жана анын акчасы андан ары териштирүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп кошумчалады Чек ара кызматы.