Орусиянын ӨКМ башчысы: «Кыргыз куткаруучулары Түркияда бир үй-бүлөнү куткарды. Бул керемет»

Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков Түркиядагы куткаруу иштеринин жүрүшүндөгү кыргызстандык куткаруучулардын натыйжалуу ишин белгиледи.

«Алардын даярдыгынын аркасында кырсыктан 13 күн өткөн соң 3 адамдан турган үй-бүлөнү урандылардын астынан куткарып калышты. Муну керемет көрүнүш деп айтуудан башка арга жок», — деди ал.