Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровго белекке эмне берген?

Президент Садыр Жапаров 24-26-февраль күндөрү иш сапары менен Орусияга барып келгени маалым. Өлкө башчы өзү билдиргендей, ал Орусиянын президенти Владимир Путинге кылыч белек кылган. Путин да Жапаровго ушундай эле белекти тартуу кылган. Белекке алган кылычты өлкө башчы Тарых музейине өткөрүп берүүнү чечти.

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек аталган билдирүүнү тастыктады.

«Садыр Нургожоевич Владимир Владимировичке берген белегин да, андан алган кылычты да өтө деле жарнамалагысы келген жок. Анын үстүнө мамлекет башчы алган белегин Тарых музейине тапшырууну табыштады», — деди ал.

Белгилей кетсек, Жапаров Москвага болгон иш сапарында Путинге жолуккандан тышкары парламент төрагасы, өкмөт башчысы, кыргыз мигранттары жана орусиялык ишкерлер менен да жолуккан эле.