Орусиянын шоу-берүүсүндө 10 жаштагы кыргызстандык Нурмухаммед жаңы рекорд жаратты (видео)

Орусиянын «Биринчи каналындагы» «Я почти знаменит» шоу-берүүсүнө 10 жаштагы кыргызстандык Нурмухаммед Ташмаматов катышып, нунчак менен пинг-понг топторун уруу боюнча рекорд койду.

Анда ал бир мүнөттүн ичинде топту нунчак менен 49 жолу ура алган.

Мындан улам «Интеррекорд» эл аралык агенттиги Нурмухаммеддин бул талантын рекорд деп эсептеп, расмий түрдө кыргызстандык окуучунун рекордун таанып, агенттиктин башкы директору сертификат тапшырган.

Белгилей кетсек, Нурмухаммед Ташмаматов буга чейин 6 жашында Максим Галкиндин «Лучше всех» берүүсүнө катышып, көрүүчүлөрдү өз таланты менен таң калтырган.