«Ош» аэропорту штаттык режимде иштей баштады

«Ош» эл аралык аэропорту штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу “Манас” аэропорту кабарлады.
«Ош» эл аралык аэропорту кечээ, 1-июль күнү саат 22:30дан тартып, штаттык режимде иштей баштады. Учурда учууларга каттоо жүрүп жатат, аэропорт бардык каттамдарды график боюнча кабыл алууга жана жөнөтүүгө даяр.

«Ош» эл аралык аэропорту буга чейин техникалык себептерден улам убактылуу жабылган болчу.