«Ош» аэропортунда учурда учуу тилкеси бардык талаптарга жооп берип, учуулар үчүн ачык

«Манас» эл аралык аэропорту айрым ЖМКларга тараган учуп-конуу тилкеси бузулгандыгы тууралуу видеотасмага жооп катары таратты.
«Ош» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси асфальт бетон менен төшөлгөн. Жыл сайын компания аэродромдун ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, учуп-конуу тилкелерге пландуу иштерди жүргүзүп турат, бул тууралуу өлкөнүн авиациялык бийликтерине жана авиакомпанияларга алдын ала маалымдалат. 2023-жылы учуп-конуу тилкесин оңдоо жана төшөлмө иштерин жүргүзүү үчүн аэродром жумасына 5 күнгө саат 10:00дөн 16:00гө чейин жабуу пландаштырылган.

1-июлда аба ырайынын катуу ысышы, учуп-конуу тилкесинин сүрүлүү коэффицентине таасирин тийгизип, учуулардын коркунучун жараткан. Ошол эле күнү ыкчам иштери жүргүзүлүп, учуп-конуу тилкесинин төшөлмө маселеси жоюлган. Учурда учуу тилкеси бардык техникалык талаптарга жооп берип, учуулар үчүн ачык. Оңдоо иштерин жүргүзгөн бөдрөтчү мекеме (подрядчы) бардык кемчиликтерди жойгон. Бузулган асфальттын төшөлмөсү алынып, анын ордуна бардык талапка жооп берген жаңысы төшөлдү.