Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору 21-март күнү жаап жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу, өлкөнүн Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында сел жүрүү кооптуулугу бар экендигин билдирет.

Мындан улам кырсыктардын алдын алуу жана адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Жарандык коргонуу кызматтарынын күч-каражаттарын даярдыкта турууну эскертет. ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 21-22-март күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскерткен.