Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу бир тараптуу ачылды

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 55-чакырымы бир тараптуу ачылды. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө.

Ош облусунун Көк-Жар айыл аймагында саат 20:15 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жийде айылында сел жүрүп, натыйжада Ош-Баткен-Разаков унаа жолунун 55, 57 жана 63-чакырымдарын каптап, каттам убактылуу жабылган. Унаа жолду тазалоого №37 жол тейлөө кызматынан грейдер, жүктөгүч жана айыл аймагыган экскаватор тартылган. Тактоо иштерине Ноокат райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.