«Ош базардагы» рейд учурунда соодагерлер сабалганбы? Милициянын жообу

«Ош базарынын» аймагындагы стихиялуу сооданы жоюу спецназдын күч колдоосу менен ишке ашты деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Ошондой эле Бишкек ШИИБдин «102» кызматына жана райондук башкармалыктын Тергөө кызматына шаардык мэриясынын жана полкунун кызматкерлеринен денеге залал келтирүү фактысы боюнча арыз түшпөгөндүгүн белгилешти.

«Белгилей кетсек, жетекчилик тарабынан Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин №1 ШМБнын кызматкерлери, ошондой эле Бишкек ШИИББнын МККК полкунун кызматкерлери үчүн күн сайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, «Ош базарынын» аймагында жарандарга жана базардын соодагерлерине сылык мамиле жасоо, мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө, жарандар тарабынан коомдук коопсуздукту бузууга жол бербөө боюнча иш алып барууда»,- дешти.

Буга чейин депутат Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин жыйынында «Ош базарындагы» рейд учурунда соодагерлер сабалганын билдирген. Анын айтымында, бир күн мурун мэриянын өкүлдөрү атайын күчтөр менен биргеликте базарда рейд жүргүзүшкөн.