Жаңы автобекет, жаңы Ош базары, турак-жай конуштары жайгаштырылган көп функционалдуу шаар концепциясы иштелип чыкты. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын адистери жаңы автобекетти, жаңы Ош базарын, турак жайларды жайгаштыруу менен көп функционалдуу шаарчанын концепциясын иштеп чыгышты. Бул долбоорлонгон шаарча Бишкек шаарынын түндүк тарабында, Сокулук районунун аймагындагы Фучик-Василевский Тракт көчөсүнүн боюнда жайгашкан.
Пландаштыруу жана куруу долбоору менен аймакты 4 зонага жалпы функционалдык бөлүү сунушталат:
— шаар зонасы
— Кайра жайгаштырылуучу Ош базарынын зонасы
— Volvo электр унаасын тейлөө аймагы
— Автобустарды тейлөө аймагы
— Батыш автобекетинин аймагы
2-зонада соода, унаа токтотмо жайларынын орундары менен чыгыш стилиндеги соода базары жайгашкан. Жолдордун туурасы жүк ташуучу жана жеңил унааларды ыңгайлуу башкарууга мүмкүндүк берет. Бул рынокто: мөмө-жемиш зонасы, тиричилик техникасын сатуу зонасы, эркин соода зонасы ж.б. жайгашкан. Долбоорлонгон базардын зоналары турак-жай шаарчасынын зонасынан 100 метр жашыл бак тилкеси менен обочолонгон.
3-зонада Volvo электромобилдерин тейлөө жайгашкан, бул өз кезегинде унааларды жакшы абалда жана иштөөгө даяр кармоо үчүн биринчи кезектеги милдет деп эсептелет. Буга жетишүүнүн ачкычы — техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн автоунааны пландуу түрдө алуу: мында токтоп калуу азаят, тейлөө аралыгы көбөйөт, убакыт жана акча үнөмдөлөт. Мүмкүнчүлүктөрдөн улам, техникалык тейлөөнү унаанын чыныгы колдонулушуна жараша пландаштырууга болот. Мониторинг функциясынын жардамы менен реалдуу убакыт режиминде күтүлбөгөн токтотууларды алдын-ала билип, пландаштырылган тейлөө борборуна барганда аларды өзгөртүүгө болот. Мунун баары токтоп калууга азыраак убакыт коротуу үчүн жасалат.
4-зонада автобустар тейленет. Башка механизмдер сыяктуу эле, автобустарды тейлөө, текшерүү, алдын ала оңдоо жана кээ бир учурларда оңдоо иштери мезгил-мезгили менен талап кылынат. Жакын жерде автобусту оңдоого адистешкен борбор болгону жакшы. Бул ишкананын жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга жана ошол эле учурда кеңири автопаркты сапаттуу тейлөөгө мүмкүндүк берет. Демек, мындай ыкма менен автобустарды тейлөөгө чыгымдар олуттуу азаят.Автобустарды техникалык тейлөө жол кыймылынын коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жарактуу унаа гана шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылат. Зарыл иштерди аткаруу үчүн келип чыккан көйгөйлөрдү квалификациялуу чечүүгө жөндөмдүү техникалык сабаттуу адистер тартыла тургандыгын, мындай иштерди аткаруу үчүн бардык зарыл болгон жабдуулар жана жакшы даярдалган персонал тартыла тургандыгын белгилей кетүү керек.
Автобекеттин 5-зонасында заманбап, функционалдык архитектуралык чечими менен имарат жайгашат. Долбоор автобекеттин инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жана модернизациялоого жана жүргүнчүлөр жана автобекеттин кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуучулар үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга багытталган. Бул аймак автобекеттин жайгашуусу үчүн ыңгайлуу, анткени ал шаардык, шаар четиндеги жана шаар аралык автобустук каттамдын транзиттик магистралынын боюнда жайгашкан.
Бул долбоорлонгон шаарча Фучик көчөсү-Василевский Тракт транспорттук магистралынан 60 метр жашылдандыруу тилкеси менен бөлүнгөн.