«Ош базары» жаңы шаарчанын ичинде болот. Бүгүн капсула салынды

Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен көп функционалдуу шаарчаны курууга мезгил кутусу салынды. Иш-чарага президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, шаар мэри Айбек Жунушалиев, «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасынын директору жана башкалар катышты.
Турак жай, автобекет жана автомобиль жыйноочу заводу бар көп функционалдуу базар комплекси Фучик көчөсүнүн батыш тарабында жайгашат. Болжолдонгон аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзөт. Курулуш үчүн шарттуу түрдө сунушталган участок үч чоң аймакка бөлүнөт: соода, өнөр жай жана турак жай. Алардын баары парк аймактары менен бөлүнөт. Соода жана базар комплекси төрт кабатта жайгашкан көптөгөн дүкөндөрдү, күркөлөрдү жана кафелерди камтыйт. Биринчи кабаттарды тамак-аш сатуучу жайлар ээлейт. Калган кабаттарда өнөр жай, текстиль жана тиричилик товарларын сатуучу соода түйүндөрү жайгашат. Базардын имараты эки көлөмдүү кире бериш тобуна бөлүнгөн тегерек формага ээ. Имараттын дагы эки өзүнчө кире бериши бар. Базардын имаратынын короосу эки аймакка бөлүнгөн: чатыры айнек менен жабылган дүң базар жана чоң эс алуучу аймак. Соода комплексинин жанаша жайгашкан аймагында мейманкана, чоң автобекет жана бизнес борбор куруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, курулуш базарларына жанаша жайгашкан аймактарда мечит, медициналык жана спорт борборлору, ресторандарды жайгаштыруу сунушталууда.
Долбоорлоочу участоктун түштүгүндө ири турак жай комплексин, анын ичинде төрт кабаттуу 58 турак үйдү, мектепти жана бала бакчаны куруу пландаштырылууда. Турак-жай курулуш секторунда эс алуу зоналарын, жанаша унаа токтоочу жайларды жана балдар аянтчаларын долбоорлоо пландаштырылууда. Турак жай комплекси менен чектешкен жашыл сейил багында: маданий иш-чаралар үчүн аянт, спорттук-ден соолукту чыңдоочу аянтча, балдар аянтчасы жана эс алуу үчүн сейилдөөчү аянтча болот. Комплекстин айланасына клиникасы бар медициналык пунктту жана бассейни бар спорт комплексин куруу мерчемделүүдө.
Бул масштабдуу долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга жана жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Ошондой эле Батыш автобекети менен Ош базарын жаңы комплекске көчүрүү менен шаардагы тыгын көйгөйлөрүн чечет.