«Ош базарына» барып адашып калган бала табылды

Кечээ, 22-мартта саат 20:30 чамасында Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп жаткан Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери адашып жүргөн баланы табышкан. Ал бир туугандары менен «Ош базарына» барып, ал жактан адашып жүргөнү белгилүү болгон. Бул тууралуу  Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кайгуулчулар кызматтык унаа менен ал бала жашаган даректи издешкен. Көп узабай үйүн таап, апасына өткөрүп беришти. Баласын өз алдынча издеп жүргөнүн айткан апасы кайгуулчуларга ыраазычылыгын билдирген.