«Ош базарынан» сатып алган антибиотикти сайдырган адам каза болуп калды

Бишкектеги Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалынан бир адам антибиотик алгандан кийин каза болду. Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Бактыгүл Исмаилова бул маалыматты тастыктады. Анын айтымында, поликлиниканын дарыгери бейтапка мурда алган цефтриаксонду жазып берген.

“Бейтап 16-июнда ооруканага антибиотик алуу үчүн келген. Дарыгерлер алгач анализдин жыйынтыктарын көрүп, андан кийин ийне сайышкан. Бейтап өзүн жаман сезгенин билдиргенде, медицина кызматкерлери ага керектүү жардамды көрсөткөн. Андан кийин дароо милиция кызматкерлери менен байланышып, алар бул иштин үстүндө иштеп жатышат”, — деп билдирди ал.

Ошондой эле маркумдун аялынын айтымына караганда, цефтриаксонду «Ош базарынан» сатып алышкан. Дарыгерлер милиция кызматкерлери калган ампулаларды алып, экспертизага жөнөткөнүн айтышкан. Каза болгон адамга кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кийинчерээк белгилүү болоору айтылды.