Социалдык тармакка «Ош базарынан» тартылган антисанитардык шартта малдын ичеги-карындарын бөлүштүрүп жаткан видео тарады.
Видеодо белгисиз бирөөнүн малдын ичеги-карынын жерге жайып алып, идишке бөлүп салганын, ичеги-карындар анын бут кийимине аралашып тебелендиде жатканын көрүүгө болот.
Видео коомчулук арасында талкууга түштү. Айрымдар мындай көрүнүш кадимкидей болуп калганын айтса, айрымдар ушундай көрүнүштөрдөн улам эт жебей калганын билдирген.