«Ош» базарында соода столунан түшпөй ыйлаган келинди аким кабыл алды

Ленин районунун башчысы «Ош» базарынын аймагында соода кылган Алмакан аттуу келинди кабыл алды. Бул тууралуу Ленин райондук акимчилигинен кабарлашты.

Буга чейин ал келиндин «Ош» базарынын жанында соода кылган столун күч кызматкерлери салып кетип жатканда чыркырап ыйлаган видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жараткан. СуперТВ бул маселе боюнча атайын репортаж даярдаген эле.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Алмакан Ленин районунун тургуну экени, шаар ичинде туруктуу каттоосу жана тийиштүү документи жоктугу айтылды.

Район башчысы Чынасыл Чыныбаев келинге туруктуу каттого турууга, анын өздүгүн тактоочу документтерин алууга жардам берерин жана мындан ары муниципалдык администрация ага социалдык колдоо көрсөтөрүн билдирди. Ошондой эле ага «Ош базарынын» ичинен соода оруну сунушталды.

Эскерте кетсек, «Ош», «Дордой» жана «Орто-Сай базарларынын айланасында баш аламан соода кылгандарды тазалоого мэриянын алы жетпей, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылган. Анын негизинде күч органдары баш аламан соода кылгандарды токтотуу үчүн рейддерди уюштурган эле.

5-февралда мэриянын чечимине каршы чыккан соодагерлер Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясын уюштурушкан.