«Ош базарында» ветеринардык жактан тамак-аш коопсуздугу такыр аткарылбайт деген жыйынтык чыкты

Айыл чарба министринин орун басары Маил Алиаскаров, Ветеринардык кызматтын жетекчи орун басары Алмаз Шаршенбеков “Ош базарында” жайгашкан №1 ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясынын абалын тескеп, мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.

Аталган лабораториянын ветеринардык адистери Ветеринардык кызматтын 2023-жылдын 11-августундагы “Азык-түлүк базарларындагы ветеринардык-санитардык экспертизалык лабораторияларынын маселелери жөнүндө” № 247 буйругун жана 2023-жылдын 21-сентябрындагы “Ветеринардык-санитардык экспертизалык лабораторияларынын маселелери жөнүндө” № 280 буйругун такыр аткарбай, мыйзамсыз иш жүргүзүп келгени аныкталды. “Ветеринария жөнүндө” мыйзамдын айрым беренелерин бузуу менен сатыкка чыгып жаткан малдын этинин сапаты жөнүндө компьютерден QR коду, уруксат берилүүчү ветеринардык лабораториялык аныктамасы жок сатыкка чыгарып жатышкандыгы аныкталды. Мониторинг иштери жүрүп жатканда, малдын этин ветеринардык-санитардык жактан таза эмес, кол арабаларда жүктөп ташылып жаткандыгы ошондой эле, төрт уйдун кол жана сан эти кир жерде илинип тургандыгы такталды. Ал эми, койдун эти жүнү менен авто унаада ташылып келгендиги да белгиленди.

Натыйжада, “Ош базары” соода борборунда ветеринардык адистер тарабынан эч кандай ветеринардык-санитардык талаптар аткарылган эмес, ошондой эле, ветеринардык жактан тамак-аш коопсуздугу такыр аткарылбайт деген жыйынтык чыкты.