«Ош базарындагы» мыйзамсыз соода кылган жайлар тазаланды

Ленин райондук акимчилиги «Ош базарынын» аймагында жана ага чектеш көчөлөрдө мыйзамсыз сооданы жоюу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Ош базары» соода борборунун айланасы — Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрү тазаланды.
Рейддин жүрүшүндө жол кайгуул кызматы тарабынан мыйзамсыз соода кылган 1 унаа, 18ден ашык жеңилдетилген типтеги объектилер – кол арабалар, мамылар, кол чатырлар, столдор алынды. Ошондой эле, стихиялуу соода менен алектенген жарандарга карата «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 179-берененин 1-бөлүгүнө жана 434-беренесине ылайык протоколдор түзүлдү. Бул багыттагы иштер күн сайын жүргүзүлөт.