Ош эл аралык аэропортунда жаңы аба каттам ачылды

Ош эл аралык аэропортунда жаңы аба каттам ачылды. Тагыраагы, Ош − Ростов-на-Дону багытындагы каттам ишке кирип, алгачкы рейс менен 60 жүргүнчү учуп келди. Бул туурасында «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлайт.

«Адаттагыдай эле, жүргүнчүлөрдү салтанаттуу тосуп алды. Ошондой эле майрамдык маанайда 83 жүргүнчү Ош − Ростов-на-Дону каттамына каттоодон өттү. Келген жана кетип жаткан жүргүнчүлөр каттамдын ыңгайлуулугун белгилешти. Бул аба каттам аптасына бир жолу жүргүзүлөт», — дешти мекемеден.

«Манас» эл аралык аэропорту билеттердин баасына тиешеси жок экенин жүргүнчүлөргө эскертет.