Ош шаарындагы «Ош эл аралык аэропортуна» киргизилген убактылуу чектөө саат 11:15те алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Шаарда туман түшүп жаткандыгына байланыштуу бүгүн саат 07:40тан тартып учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилген болчу.