Эртең, 12-августта түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,
Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +29…+31 градус болот.