Ош, Жалал-Абад жана Баткенде «Коопсуздук-2023» машыгуусу өтөт

25-27-апрель күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында «Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууга даярдыктар кызуу жүрүүдө. Ага Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, президенттин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттары, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Алай, Кадамжай жана Базар-Коргон райондорунун администрациясынын өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүктөрү катышат.