Ош мэри «малыбыз жок» деген балага 200 миң сом берди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Озгур айылында болгон таңкы рейд учурунда 13 жаштагы өспүрүмдү жолуктуруп, ага мал сатып алууга колдоо иретинде акча бөлүп берүүнү убада кылган.

Бүгүн, 2-апрелде шаар башчысы Бекбол Сулайманжановго аталган максатты ишке ашыруу үчүн 200 миң сом тапшырды.