Ош мэринин баш кийими көпчүлүктүн көңүлүн бурду

Бүгүн, 1-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында болуп, Увам каналынын жээгин кыдырды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө каналдын корук аймагына курулуп калган турак үйлөрдү жана башка курулуштарды алып салуу, жээкти бошотуу боюнча жеринде тапшырма берилди. Ал эми шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы тиешелүү белгилерди коюп, бузулуучу аймактарды тактап берди.

Мыйзамга ылайык каналдардын суу корук аймагы эки тараптан 30 метрди түзүшү керек. Бирок бул талаптар сакталбай, суунун жээгине ар кандай курулуштар мыйзамсыз тургузулуп, каналдын үстү да тосулуп калган. Алардын баары иретке келтирилип, каналдын корук аймагын бошотуу иштери жүргүзүлөт.