10-15-апрель күндөрү Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында Мамлекеттик күзөт объектилеринин жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү мерчемделген. Коомдук коопсуздукту камсыздоого 1700дөн ашуун кызматкер тартылат.
Андыктан жогорудагы белгиленген иш-чараларга ылайык, Ош облусунун айрым аймактарында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет. Төмөндө чектөө киргизилчү аймактардын тизмеси:
10-апрель күнү Ош шаарында;
11-апрель күнү Араван районунда;
12-апрель күнү Кара-Суу районунда;
13-апрель күнү Ноокат районунда;
14-апрель күнү Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда;
15-апрель күнү Чоң-Алай жана Алай райондорунда.
Ош облусунун ички иштер башкармалыгы жарандарды мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жогоруда көрсөтүлгөн аймактарда жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, коомдук тартипти көзөмөл кылып, жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, түшүнүү менен кабыл алууга чакырат. Киргизилип жаткан чектөөлөргө байланыштуу унаа кыймылын алдын ала мерчемдеп алууну сунуштайт.
28-апрель күнү Кара-Суу районунун тургуну, 1939-жылы туулган М.Ж. аттуу аял киши болжол менен Кара-Суу шаарындагы Савай каналына түшүп кеткен тууралуу...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен...
Мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев жана парламенттин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан ИИМге суракка келишти....
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 28-апрелден 30-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргыз Республикасынын тоолуу...
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды. “Сиздерге мага карата козголгон кылмыш иши боюнча кайрылууга туура келип жатат. Себеби бүгүн...