Ош милициясы: 10-15-апрель күндөрү Ош облусунун айрым аймактарында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизилет

10-15-апрель күндөрү Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында Мамлекеттик күзөт объектилеринин жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү мерчемделген. Коомдук коопсуздукту камсыздоого 1700дөн ашуун кызматкер тартылат.

Андыктан жогорудагы белгиленген иш-чараларга ылайык, Ош облусунун айрым аймактарында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет. Төмөндө чектөө киргизилчү аймактардын тизмеси:

10-апрель күнү Ош шаарында;
11-апрель күнү Араван районунда;
12-апрель күнү Кара-Суу районунда;
13-апрель күнү Ноокат районунда;
14-апрель күнү Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда;
15-апрель күнү Чоң-Алай жана Алай райондорунда.
Ош облусунун ички иштер башкармалыгы жарандарды мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жогоруда көрсөтүлгөн аймактарда жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, коомдук тартипти көзөмөл кылып, жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, түшүнүү менен кабыл алууга чакырат. Киргизилип жаткан чектөөлөргө байланыштуу унаа кыймылын алдын ала мерчемдеп алууну сунуштайт.