Ош-Ноокат жолундагы таштанды бир жумада алынат

Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Ош-Ноокат жолундагы жолдун оң тарабына башаламан ташталган таштандыларды иретке келтирүү маселесин жеринде карап чыкты. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан маалымдашты.

Бул аймакта ыргытылган таштандыларды бир жумада тазалоо талабы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына коюлду. Ошондой эле жайыт комитетине тиешелүү мындагы жерлердин жеке жактарга өтүп кеткендиги боюнча маалыматтарды тактоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу тапшырмасы берилди.