Ош – Нью-Дели – Ош багыты боюнча чартердик каттам ачылды

«Ош» эл аралык аэропорту Кыргызстан менен Индиянын кызматташтыгынын жаңы баскычын баштады, тактап айтканда Ош – Нью-Дели – Ош багыты боюнча биринчи эл аралык чартердик каттам ачылды.

«Биринчи каттам менен 180 жүргүнчү учуп келип, бул жаңы багытка болгон кызыгууну көрсөтүп турат. Жума сайын шейшемби күнкү каттам транспорттук байланышты жакшыртууга гана эмес, эки тарап үчүн маанилүү болгон экономикалык жана дипломатиялык мамилелерди чыңдоого да багытталган», — деп айтылат аэропорт тараткан маалыматта.