«Ош облустук сотунун судьясы өз өмүрүнө кол салды» деген маалымат боюнча соттон үн катышты

Ош облустук сотунун судьясы Н. А. өз өмүрүнө кол салып ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматты «Азаттыкка» Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев ырастаган. Дарыгердин сөзүнө караганда, судья сол колунун күрөө тамырын кескен.

Судьялар кеңеши ЖМКлардан мындай туура эмес маалыматты таратуудан алыс болууну суранып, маалымат таратты.

«Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамга ылайык, Судьялар кеңеши тарабынан бул факты боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдирет. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча толук маалымат берилет», — дешти.