Ош облусунда жер титиреди

Бүгүн, 20 июль күнү саат 06:15 чамасында Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын күчү Алай районунун Кара-Киндик, Бор-Дөбө жана Нура айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.