Ош облусунда жер титиреди

Бүгүн, 28-январда болжол менен саат 14:22 чамасында Ош облусунда очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын күчү Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында 3 баллга, Өзгөн районунун Чимбай айылында 3 баллга, Мырзаке, Салам-Алик айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.