Ошто коронавирус жуктургандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат

Акыркы учурда Ош облусунда жана Ош шаарында коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүп бара жатат. Ал үчүн статистикалык маалыматты кароо жетиштүүлүк кылат.

Он беш күн аралыгын салыштырып карай турган болсок, 24-майда бир сутка ичинде Ош облусу жана Ош шаары боюнча 13 адам оору жуктуруп алган болсо, ал эми бүгүн, 7-майда вируска чалдыккандардын саны облус боюнча 69 адамга жетти. Соңку статистика эки апта ичинде эле 59 кишиге көптүк кылат.

Ош облусунда коронавирус илдети күндөн-күнгө күчөп, эпидемиологиялык абал оорлошууда.