Араван — Ак-Буура каналын жаңылоого 18 миллиондой евро бөлүнөт

Ош облусундагы Араван — Ак-Буура каналын жаңылоого 17,8 миллион евролук долбоор боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

«Финансы министри Алмаз Бакетаев 17,8 миллион евро суммасындагы «Кыргыз Республикасындагы климатка туруктуу суу менен камсыздоо» долбоору боюнча келишимге кол койду. Анын ичинен 14,1 миллион евро – кредит, 3,7 миллион евро – грант. Долбоор Ош облусундагы Араван — Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштерин жүргүзүүгө багытталган», — деп жазылат маалыматта.