Ош облусунун жалгыз согуш ардагеринин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Кечээ, 30-апрель күнү Ноокат районунун Чапаев айылында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Карабай Бозорбоевди акыркы сапарга узатуу митинги өткөрүлдү. Анда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевдин атынан анын орун басары Талантбек Арстанкулов катышып, сөз сүйлөдү.

Буга чейин Карабай Бозорбоев 99 жаш курагында дүйнөдөн кайтканы маалымдалган.