Ош ОИИБ: «Куршабдагы митингде журналистти уруп-согууга үндөгөндөр суракка чакырылды»

Бүгүн соцтармактарда Өзгөндүн Куршаб айылында кечээ жер боюнча өткөн митингдин уюштуруучулары суракка чакырылып баштаганы тууралуу маалымат тарады.

Ош облустук милициясы Сереп Медиа агенттигине бул маалыматты төгүндөп, суракка чакыруу кагаздары  митинг учурунда журналистке карата агрессия көрсөткөн адамдарга жиберилип жатканын билдирди.

«Кечээки митингдин тасмасынан баарыңыздар көргөндөй, 7-каналдын журналистин уруп-согууга чакырыктар болду. Бул факт боюнча ошол эле күнү «Бейбаштык» беренеси менен иш ачылды. Азыр тасмада «ур эле, ур», «сок эле, сок» деп, милицияга ээ-жаа бербей чуркап жүргөндүн баары суракка чакырылат. Бул факт боюнча биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Эмне себептен журналистке анча ызырынат, балким өздөрүнүн кеги барбы? Журналисттер тараптан арыз түшкөн жок. Иш факт боюнча гана ачылды. Бүгүн баарына суракка чакырган кагаздар жөнөтүлдү», — дешти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, кечээ, 25-апрелде Куршабда чогулган эл 7-каналдын журналисттерин маалыматты бир беткей чагылдырууга айыптап, митингден кубалап салышкан. Ал арада аларды уруп-согууга чакырык ташталып, бир нече адам жандарына чуркап барган. Милиция кызматкерлери ортого түшүп, ажыратышкан.