Ош ОИИБ: Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы жетекчилер дайындалышты

30-ноябрда Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов жана Ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсан Камчиев ИИМдин буйругунун талаптарына ылайык, Ноокат РИИБдин өздүк курамына жаңы дайындалган жетекчилерди тааныштырды.
— Ноокат РИИБдин башчысы болуп, Жуманазар Орозбаев дайындалды.
— Ноокат РИИБдин башчысынын орун басары, ал эле кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысы болуп Медер Асанов дайындалды.
— Ноокат РИИБдин башчысынын орун басары, ал эле коомдук коопсуздук кызматынын башчысы болуп Сейитбек Молдобаев дайындалды.
— Ноокат РИИБдин башчысынын кадр боюнча орун басары болуп Илимбек Маматеминов дайындалды.
Нурланбек Бурканов жаңы дайындалган жетекчилерге ийгилик каалап, эң башкы милдет катары коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын арыз-даттанууларын мыйзамдын талаптарына ылайык ыкчам жана канаттандыраарлык деңгээлде чечүү тапшырмасын койду. Ошондой эле аткарып жаткан иштерге эл тарабынан жакшы баа берилгенде гана оң натыйжа болорун баса белгиледи. Ал эми мурда аталган кызматтарды жетектеп келген кызматкерлер ИИМдин комиссиясынын текшерүүсүнөн кийин ээлеген кызматтардан бошотулган.