Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болуп жатат

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Азыркы тапта №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана жерине тартылган атайын техникалар тынымсыз иш алып барып жатышат. Министрликтен айдоочуларды алыс жолго чыгардын алдында аба ырайынын шартын эске алуу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырышты.