Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунда айдоочулардын айынан тыгын жаралды

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунда (175-178 чакырымы) айдоочулардын айынан тыгындар пайда болууда. Бул тууралуу «Кыргыз авто жол» ишканасынан билдиришти.

Кечээ, 10-ноябрь күнү саат 16:10 чамаасында жүк ташуучу унаалардын айдоочулары бири-бирине жол бербей, каршы тилкеге чыгып, 2-3 тилке катары менен тыгынды жаратты. «Кыргыз авто жол» мамлекеттик ишканасынын №960 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тыгындары жоюуга бардык күч-аракеттерин колдонууда.