Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу бир тараптуу ачылды

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 71 жана 82-чакырымында бир тараптуу каттам берилди. Азыркы тапта “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №959 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан тазалоо, кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 71-чакырымында (эки жерде) жана 82-чакырымында каттам үчүн кыйынчылыктар жаралып, жол жабылган. Ошондой эле, тазалоо иштери аталган жолдун 133-135-чакырымдар аралыгында (3 жерде) жүрүп жатат.