Буга чейин аталган жолдун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылганы маалымдалган.
Учурда жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №960 Жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана 1 жүктөгүч, 1 автогрейдер менен Ош шаарынан тартылган 1 жүктөгүч жана 1 трейлер иштеп жатат.
Жалпы көлөмү болжол менен 4000 метр кубдан ашкан жер көчкүсү кечээ, 23-августта саат 09:00дөр чамасында жүргөн.