Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды. Катуу бороондон улам жолдо кар күрткүсү пайда болду. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

«Жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүүдө. Бороон басылар менен жолдогу абал калыбына келтирилип, бардык тарапка каттам берилет. Ал эми аталган жолдун Талдык ашуусунда жолду кардан тазалоо жумуштары жүрүп, унаа кыймылына чектөөлөр жок», — дешти.