Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда катуу бороон болуп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Аймакты караган № 960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен үзгүлтүксүз тазалоо иштерин аткарып жатышат. Каттам бар.
Бирок абанын төмөнкү температурасынын кесепетинен оор жүк ташуучу унаалардын аба системалары тоңуп, жол тазалоо иштерине тоскоолдуктарды жаратууда.