Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунда жер көчкү жүрүп, жол жабылды (видео)

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Жеринде “Кыргыз авто жол” ишканасынын №960 Жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана 1 жүктөгүч, 1 автогрейдер менен Ош шаарынан тартылган 1 жүктөгүч жана 1 трейлер иштеп жатат. Жалпы көлөмү болжол менен 4000 метр кубдан ашкан жер көчкү бүгүн, 23-августта саат 09:00дөр чамасында жүргөн. Азыркы тапта да жер көчкү акырындан жылып жатат. Толук кандуу жумуштар көчкү токтогондо жүрөт. Саат 18:00 чамасында бир тараптуу жол берилери болжолдонууда.