Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолу убактылуу жабылды

Ош облусунун Алай районундагы Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 180-256-чакырымына чейин аба-ырайынын туруксуз болгондугунун себебинен жана кырсыктарды алдын алуу максатында бүгүн саат 15:00дөн тартып 26-февраль күнү саат 10:00гө чейин абал турукташкыча убактылуу эки тараптуу жабылды. Учурда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан посттор уюштурулган.

Кошумча маалымат берилет.