Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн 12 партия каттоодон өткөн. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Каттоодон өткөн партиялар:
- «Тилектештик»;
- «Ыйман Нуру»;
- «Ынтымак»;
- «Бүтүн Кыргызстан»;
- «Ата-Журт»;
- «Улуу Журт»;
- «Республика;
- «Ишеним»;
- «Элдик»;
- «Ата-Журт-Кыргызстан»;
- «Улуттар Биримдиги»;
- «Бир Бол».
Белгилей кетсек, өлкөдө жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелде өтөт.