Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн канча партия каттоодон өттү?

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн 12 партия каттоодон өткөн. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Каттоодон өткөн партиялар:

  1. «Тилектештик»;
  2. «Ыйман Нуру»;
  3. «Ынтымак»;
  4. «Бүтүн Кыргызстан»;
  5. «Ата-Журт»;
  6. «Улуу Журт»;
  7. «Республика;
  8. «Ишеним»;
  9. «Элдик»;
  10. «Ата-Журт-Кыргызстан»;
  11. «Улуттар Биримдиги»;
  12. «Бир Бол».

Белгилей кетсек, өлкөдө жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелде өтөт.