Ош шаардык мэриясынын мурдагы кызматкери Кылычбек Саркарбаев акталды

Ош шаардык сотунун 11-августундагы өкүмү менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин мурунку төрагасы Кылычбек Саркарбаев Жазык Кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүмү жана 142-беренеси боюнча анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылычбек Саркарбаевдин үй камагындагы бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин алып салынуусу көрсөтүлдү.

Саркарбаев 16-декабрда кылмышты жашыруу же анын жасалышына көмөктөшүү максатында документтерди жасалмалоо боюнча шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Ошондой эле анын “Женго” каймана аты менен таанылган кримавторитет Кадыр Досонов менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталганы маалымдалган болчу. Ош шаардык соту Кылычбек Саркарбаевди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. 23-декабрда Кылычбек Саркарбаев Ош мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган болчу. 17-январда ал үй камагына чыгарылып, анын жакындары мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өз ыктыяры менен 1 миллион сом которушканы маалым болгон.