Ош шаарын жаандан улам суу каптады. Видео

Ош шаарын бүгүн, 18-майда жаандан улам суу каптаган видеолор соцтармакта тарап жатат.



Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен 18-майда министрдин орун басары Акылбек Мазарипов Ош облусуна иш-сапары менен барды. Ал жумушчу сапардын жүрүшүндө министрлик тарабынан жүрүп жаткан облустагы сел, суу ташкындарын алдын алуу жумуштары менен жеринен таанышты. Акылбек Мазариповдун айтымында, бүгүнкү нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун айрым жерлеринде сел жүргөн.