Ош шаарына 100 автобус, оор техникалар жана жеңил унаалар берилди (сүрөт)

Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэриясына оор техникалардын, жеңил унаалардын жана автобустардын ачкычын тапшырды.

Белгилей кетсек, 100 даана автобус Ош шаарынын мэриясынын Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине берилди. Автобустар Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу сатып алынган. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташууда коомдук транспорт жетишсиз болуп келген, жаңы алынган автобустар маселени жөнгө салууга өбөлгө түзөт.  Жаңы автобустар 25 орунга ылайыкталган, сыйымдуулугу 56 адам.

Ошондой эле, шаардын ички жолдорун жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясынын Жолдор муниципалдык ишканасы үчүн сатып алынган оор техникалар тапшырылды.

Мындан тышкары жол кыймылын көзөмөлдөөнү жана жол коопсуздугун алдын алуу максатында жеңил унаалар Ош шаарынын мэриясына берилди.